Астанада “Жаңы Жибек жолу” бизнес форуму өтүп, анын негизги темасы транспорттук системалардын интеграциясы жана Ортоңку коридор багытын өнүктүрүү болду.

2027-жылга чейин Казакстандын темир жол транспортун экологиялык технологияларга өткөрүү пландалууда. Айлана-чөйрөнүн булганышын азайтуу үчүн өлкөдө газ локомотивдерин сатып алуу маселеси каралууда.

Инфраструктуралык долбоорлорду талкуулаган Казакстандын транспорт министри Марат Карабаев Караганды облусундагы экинчи темир жолдун жана Достык-Мойнты темир жол тилкесинин курулушунун башталышына көңүл бурду. "Бул кубаттуулукту беш эсеге көбөйтөт жана өткөрүү ылдамдыгын 1500 километрге чейин жогорулатат" деди ал.

Ортоңку коридор жолдору:

Казакстандын транзиттик потенциалы Ортоңку коридор деп аталган Транскаспий эл аралык транспорттук маршрутунун (ТИТР) аркасында өсүп жатат. Үстүбүздөгү жылдын биринчи кварталында эле ТИТР боюнча темир жол аркылуу жүк ташуу көлөмү дээрлик 64%га өсүп, 433 миң тоннаны түздү.

Иш-чаранын жүрүшүндө 26-Эл аралык транспорт жана логистика көргөзмөсү өтүп, ага 25 өлкөдөн бизнес өкүлдөрү, мамлекеттик кызматкерлер жана дипломаттар катышты.

Көргөзмөнүн ачылыш аземинде Карабаев “Казакстан Азия менен Европанын ортосундагы ишенимдүү өнөктөш жана транзиттик көпүрө” экенин баса белгиледи.

«Өткөн жылга салыштырмалуу көргөзмөгө катышуучулардын саны 40%га өстү. Бул чет элдик компаниялардын Казакстанда бизнес жүргүзүүгө кызыкдар экенин далилдейт”, - дейт көргөзмөнүн алып баруучусу Гүлжана Абдушарипова.

Иш-чарага 225тен ашык компания катышты. Кецешмеге катышкандар жук ташуу-нун жана жеткируунун шарттарынын эффективдуулугун жогорулатуунун зарылдыгы женунде бир пикирге келишти. Булак: Astana Times үчүн Асем Ассанияз